Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:47

Өзбекстан Түркиядан брондолгон аскердик техника сатып алат


Өзбекстан Түркиядан брондолгон аскер автоунааларын сатып алууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалымат кызматына таянып Podrobno.uz сайты жазды.

Тиешелүү келишим ушул аптада Ташкентке келген Түркиянын коргоо министри Нуреттин Жаникли баштаган делегация менен сүйлөшүү маалында талкууланган.

Маалыматка караганда, Өзбекстан Nurol компаниясынын EJDER 4х4 деп аталган брондолгон техникасын сатып ала турган болууда. Өзбек тарап аны быйыл июлда сынап көргөнү, азырынча он автоунаа сатып алары кабарланды.

EJDER 4х4 автоунаасына эки кишиден турган экипаждан тышкары сегиз десант батат. Ага ар түрдүү курал-жарактарды да орнотууга болот.

Буга чейин АКШ армиясы Өзбекстанга кайтарымсыз негизде MRAP үлгүсүндөгү 300дөн ашуун брондолгон автоунаа берген.

XS
SM
MD
LG