Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 2013-жылы Ысык-Көлдө Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкты уюштурду деп күнөөлөнүп жаткан экс-депутат Садыр Жапаровго акыркы сөз берилип, өкүм угузулат.
Бул тууралуу Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов “Азаттык” радиосуна билдирди. 24-июлдагы жараянда мамлекеттик айыптоочулар Жапаровду 15 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратууну сураган. Жактоочу тарап прокуратура "эч кандай далил жок катаал жаза сурап жатат" деп айтууда.
Акыркы жараян 28-июлда өтүп, тараптардын жарыш сөзү болгон. Анда негизги жабырлануучу катары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурдагы өкүлү Эмилбек Каптагаев көрсөтмө берген. 2013-жылдагы окуялар боюнча козголгон кылмыш ишине төрт жыл болсо да, уюштуруучулар толук аныктала электигин жана аны Жапаровдун уюштурганы боюнча далил жоктугун билдирген.
Жогорку Кеңешке мурдагы чакырылышта депутат болгон Садыр Жапаров 2013-жылы Ысык-Көлдө Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка күнөөлөнүп, 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Ага "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. (NT)