Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:57

Ысык-Көлдө жайкы эс алуу мезгили башталгандан бери эс алуучулардан милицияга 54 арыз түштү. Анын көбү жергиликтүү жарандардан, бешөө чет элдик туристтерден келген. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов “Азаттык” радиосуна билдирди.

Анын айтымында, түшкөн арыздардын басымдуу бөлүгү уурдоо фактысына байланыштуу. Арыздардын алтоо боюнча кылмыш иши козголду. Кайрылгандардын көбү арыздарын кайра алып жаткандыктан кылмыш иштери козголгон жок.

Ал эми жергиликтүү эл эс алуучуларды коркутуп-үркүтүп, машинелеринин дөңгөлөктөрүн жарып кетти деген маалыматтар менен эч ким арыздана элек деп кошумчалады Сталбек Усубакунов.

Буга чейин интернеттеги социалдык түйүндөрдүн айрым колдонуучулары Ысык-Көлдө эс алуучулар жергиликтүү элден ыдык көрүп, кээ бир жерлерде автоунаалардын дөңгөлөктөрүн жарып кетип жатышат деген маалыматтарды жайгаштырган. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG