Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

Сасыкбаева: "Ата Мекендин" жоголгон мүчөсү табылды, ал аябай сабалыптыр


Нургазы Бакаев
Нургазы Бакаев

"Ата Мекен" оппозициялык партиясынын мүчөсү Нургазы Бакаев табылды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна партия мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева билдирип, учурда соттук-медициналык экспертиза өткөрүүгө даярдык көрүлүп жатканын айтты:

- Ал кечээ Райкан Төлөгөновдун сотунда көрсөтмө бермек. Аны кармап кетип, дача жакка алып барып аябай сабашыптыр. "Жөн жүр, сотто көрсөтмө бербе" деп талап кылышыптыр. Ал үйдөн чыккандан да коркуп калыптыр. Бул ишти Төлөгөновду отургузууга кызыкдарлар, же милиция, же УКМК жасады болуш керек. Муну изилдеш керек.

Партиянын активдүү мүчөлөрүнүн бири Нургазы Бакаев дайынсыз болуп жатканы кечээ белгилүү болгон. Ал Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан мурдагы депутат Райкан Төлөгөновду айыптагандарга каршы көрсөтмө берип келаткан.

Төлөгөнов 2010-жылкы мародерчулук боюнча айыпталып, быйыл март айынын этегинде камакка алынган. Азыр анын соту уланууда, өзү УКМКнын тергөө абагында.

Бакаев боюнча Ички иштер министрлиги азырынча комментарий бере элек.

Ал эми Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат катчысы Рахат Сулайманов "Азаттыкка":

- Эгер адам жок болсо анда ИИМге кайрылышсын. Адам жоголгон фактыга биздин кандай тиешебиз бар? - деп 1-августта билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG