Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:05

Орусияда оппозициячыл активист Сергей Удальцов абактан чыкты


Сергей Удальцов.
Сергей Удальцов.

Орусиядагы белгилүү оппозициялык активист Сергей Удальцов 4,5 жылдык абак жазасын өтөп бүтүп, эркиндикке чыкты. Ал 2012-жылы президент Владимир Путинге жана анын өкмөтүнө каршы уюштурулган нааразылык акциясы үчүн камакка алынган. 

Удальцов Москванын түштүк-чыгышындагы Тамбов райондук абагынан 8-августта чыкканын анын аялы Анастасия Удальцова "Фейсбук" баракчасы аркылуу кабарлады. 

"Левый фронт" оппозициялык тобунун лидери Удальцов 2012-жылдын 6-майында Москванын Болотная аянтында өткөн акциядан кийин үй камагына алынган. 2014-жылдын июль айында массалык башаламандык уюштурду деген айып боюнча күнөөлүү деп табылган. 

2011-жылы декабрь айында өткөн парламенттик шайлоодогу бурмалоолорго каршылык иретин өткөрүлгөн акцияда 400дөн ашык киши кармалган. 

 

XS
SM
MD
LG