Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

Ысык-Көлдүн куму жана суусу текшерилди


Ысык-Көл жээгинде эс алуучуларды тейлөөгө уруксат албай иштеген жеке жайлар санитардык коопсуздук эрежелерине толук жооп бербей жатат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Ысык-Көл району боюнча өкүлү Малик Мамбетов билдирди.

Анын белгилешинче, суу жана кумдун лабораториялык текшерүүлөрү эч кандай кооптонууга себеп жок экенин аныктады:

- Кооптончу деле эч нерсе жок азырынча. Болгону, жайкы, өзүлөрүнүн үйүндө кабыл алгандар, конок үйлөр, көчөдөгү кафелер боюнча маселе бар. Эки-үч күндөн бери рейд жүргүзүп жатабыз.

Райондун аймагында 125 ден соолукту чыңдоо жана эс алуу жайы бар, алардын көбү пансионаттар.

Быйыл аба ырайы жакшы болуп, Ысык-Көлгө эс алганы келгендердин саны көп экенин жергиликтүү тургундар айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG