Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 01:42

УКМК: Жаштарды экстремисттик уюмдарга үгүттөгөн адам кармалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 9-августта бир катар кылмыштарды жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөгө алынып, КМШ өлкөлөрүнүн биринде жашырынып жүргөн жигердүү үгүттөөчүлөрдүн бири жана экстремисттик уюмдун лидери, Кыргызстандын Х.М. аттуу жараны кармалганын кабарлады. Кармалган жаран чет элдик экстремисттик борборлордун тапшырмаларын аткаруу менен Кыргызстандын областтарынын биринде жаштар арасында үгүт иштерин жүргүзүп, радикалдуу идеологияны таратып, жашыруун топ түзүп баштаган.

Учурда ал экстремисттик ишмердүүлүккө тиешеси бар экенин мойнуна алып, козголгон кылмыш ишинин алкагында убактылуу камак жайына киргизилди. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG