Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Ташиев интернетте тараган аудиотасманы монтаждалган деп эсептейт


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Бул тууралуу “Ата Журт” партиясынын маалымат катчысы Нургазы Анаркулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Ташиев соттогу көрсөтмөлөрдү четке какпай турганын жана интернетке тараган аудио тасманын монтаждалганын билдирген.

- Камчыбек Ташиев интернетте тарап кеткен аудио жазуунун баштан аягына чейин монтаждалганын айтып жатат. Аны кандайдыр бир күчтөр Текебаевдин соту боюнча чечим чыгаарда өз пайдасына оодарууга, коомдук пикирди түзүүгө аракет кылганы көрүнүп турат. Камчыбек Кыдыршаевич ал жерде калп көрсөтмөлөр жөнүндө сүйлөшүү болбогонун айтып жатат. Буга чейин Текебаевдин сотунда кандай көрсөтмө берсе, анын баары чындык экенин эске салат.

Интернетте “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин соту боюнча саясатчы Азимбек Бекназаров менен “Ата Журт” партиянын лидери Камчыбек Ташиевдики делген аудиотасма тараган. Анда эки саясатчы чай үстүндө сотто берген көрсөтмөсү тууралуу сүйлөшүшкөн деп боолголонот. Бекназаровдукуна окшош үн: “Сөөгүн агарткыча калп айттым. Ар калпты айткан сайын Кудай өзүң кечир деп жаттым” деп сүйлөгөн. Ал эми Ташиевдики делген үн сотто көрсөтмө берер алдында Текебаевден кат алганын айткан. Бул боюнча "Азаттыкка" комментарий берген Бекназаров сотто берген көрсөтмөлөрү тууралуу сыртка чыкканда сүйлөшпөй турганын жана сотко кайра барса деле мурдагы маалыматтарын эле айтарын белгилеген.

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров 19-июлда Текебаев-Чотонов сотунда көрсөтмө берген. Ал 2010-жылы 13-майда бир нече жыйын өткөнүн, анда өлкө түштүгүндөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн 2 млн сом бөлүү боюнча талкуу болгонун айткан. Ошондой эле “Чотонов менен Шыкмаматовду менин сунушум менен Атамбаев дайындаган. “Мегаком” Убактылуу өкмөттүн декрети менен Атамбаевге өткөрүлүп берилген” деп маалымдаган. Камчыбек Ташиев да сотто көрсөтмө берип, 2010-жылы 21-декабрь күнү Текебаевдин туулган күнү болгонун, бирок аны куттуктайм деп кайра-кайра барып, парламенттеги иш бөлмөсүнөн таппаганын билдирген.

Мамлекеттик айыптоочу соттон Текебаевди 10, Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, үй мүлкүн мамлекетке чегерип, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматка иштебесин деп сураган.

Текебаев менен Чотоновдун сотуна катышып жаткандардын айтымында, эки саясатчыга өкүм ушул жумада чыгышы мүмкүн. (КЕ/BkA)

XS
SM
MD
LG