Ушул тапта райондор аралык сот “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин шайланууга болгон укуктарын, кыргыз тилден тест тапшыруу маселесин карап жатат. Бул тууралуу аталган партиянын юристи Канатбек Азиз “Азаттык” радиосуна кабарлады.
Борбордук шайлоо комиссиясы 10-августта "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин юристинин ага кыргыз тилинен тест тапшыруусуна шарт түзүп берүү өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты.
Талапкерликке катталуу үчүн БШКга арыз берген Текебаев 26-июлда мамлекеттик тил боюнча тест тапшырмак. Бирок УКМКнын тергөө абагында кармалып жаткан Текебаевдин соттук ишин карап жаткан Биринчи Май райондук соту аны тест тапшырууга коё берүүдөн баш тарткан.
“Ата Мекен” партиясынын юристтери БШКнын чекчимин жокко чыгарууну өтүнүп райондор аралык сотко кайрылган болчу.
Өмүрбек Текебаев быйыл 26-февралда УКМКга камалган. Башкы прокуратура ага орус жараны Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алган деген доонун негизинде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Текебаевге козголгон кылмыш иштин алкагында мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Соттолуучулар айыптарды четке кагууда.
Текебаевдин соттук иши Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат.
Мамлекеттик айыптоочу Текебаевди 10, Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратууну соттон сураган. (КЕ)