Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

Израил Иран Сирияда курал заводун курууда деп айыптады


Сирия.
Сирия.

Иран Сириянын түндүк-батыш тарабында узун аралыкка учуучу ракета чыгарган завод куруп жатат. Бул тууралуу Израилдин маалымат каражаттары жазышууда. Кабарларга караганда, сателлиттен тартылган сүрөттөрдө Жер ортолук деңиздин боюндагы Баняс шаарчасындагы курулушту көрсө болот. Ал жай курал-жарак жасоого жана сактоого ыңгайлаштырылган. Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху Иран алты жылдан бери согуш жүрүп жаткан Сирияда барган сайын активдүү болуп баратат, Израилдин коопсуздугун коргоо үчүн бар аракет жумшалат деп бир нече күн мурун эскерткен.

Тегеран маалымат каражаттарындагы жаңылыктар боюнча комментарий жасай элек.

XS
SM
MD
LG