Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Орусиянын мурдагы министри "Роснефтинин" башчысын чагым үчүн айыптады


Алексей Улюкаев.
Алексей Улюкаев.

Орусиянын мурдагы экономикалык өнүгүү министри Алексей Улюкаев "Роснефть" компаниясынын жетекчиси Игорь Сечинди чагым үчүн айыптады. Бүгүн Москвадагы райондук сотто сүйлөгөн экс-министр тергөөчүлөр Сечиндин көрсөтмөлөрүнө гана таянып, жасалма айып тагып жатышканын айтты.

Улюкаевдин айтымында, бул провокацияга ФСБ жана "Роснефтинин» коопсуздук кызматынын жетекчиси катышкан. Тергөөчүлөрдүн версиясы боюнча, айыпталуучу «Башнефть» компаниясын сатып алууну оң баалоо үчүн эки миллион доллар талап кылган. Ал былтыр ноябрда «Роснефттин» кеңсесинде акча алып жаткан жеринен кармалган.

Улюкаев акча салынган сумканы тапшырууну ФСБ кызматкерлери алдын ала атайылап пландашкан. "Пара берүүгө даярданууда деген маалыматты болсо, алар Сечинден алып турушкан. Бирок акчаны өткөрүп алуу болбой калгандыктан, Сечин телефон чалып мени өзү кеңсесине чакырган" - деди экс-министр сотто.

Анын адвокаттары ишти прокуратурага кайтарууну өтүнүшүүдө. 8-августтагы сотто Улюкаевдин үй камагы 2018-жылдын 27-январына чейин узартылган.

XS
SM
MD
LG