Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Zanoza.kg сайты боюнча үч доо арыз каралып жатат


Бишкек шаардык соту бүгүн Zanoza.kg сайтынын негиздөөчүсү "ПроМедиа" фондунун Октябрь райондук сотунун чечими боюнча доо арыздарын кароону улантууда. 16-августта эки иш боюнча апелляциялык арыз каралып, анда шаардык инстанция райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.

Бүгүн үч иш боюнча берилген доо арыз каралып жатат.

Быйыл мартта Кыргызстандын башкы прокурору Индира Жолдубаева Zanoza.kg сайтына чыккан "айрым материалдар президенттин ар-намысына шек келтирди" деп сотко жалпысынан 27 миллион сомдук доо арыз өндүрүү боюнча беш арыз берген.

Иштер Бишкектин Октябрь райондук сотунда каралып, прокуратуранын 24 миллион сомдук доо арызы толугу менен канааттандырылган. Дагы 3 млн сомдук арыз боюнча чечим чыга элек.

1-августтан тарта Zanoza.kg маалыматтык мультимедиа порталы kaktus.media деген аталыштагы маалыматтык-маанайшат сайты болуп чыга баштады. (NT)

XS
SM
MD
LG