Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Кыргызстандык аял Делинин аэропортунан 1 млн доллардан ашуун акча менен кармалды


Бул тууралуу бүгүн Индиянын Business- standart.com, Tribuneindia.com жана башка бир катар интернет басылмалары кабарлоодо. Алардагы маалыматка караганда, Нью-Делинин аэропортунан "Air Manas" компаниясы менен Бишкекке учуп жатканда кармалган кыргызстандык аялдын ысымы – Балтабаева Зухра жана ал 56 жашта.

Индия интернет басылмаларындагы кабарларга караганда, кыргызстандык аялдын сумкасынан текшерүү учурунда 60 миң АКШ доллары чыккан.

Ал эми дагы 1,41,290 АКШ доллар кыргызстандык аял багаж иретинде өткөргөн жүктөн чыккан. Учурда бул маселе менен Индиянын бажы бийликтери алектенип жатат. Кыргызстандын Нью-Делидеги элчилиги Индия медиасындагы бул кабарды азырынча комментарийлей элек. Тышкы иштер министрлигинен маалымат текшерилип жатканын билдиришти. (UE)

XS
SM
MD
LG