Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:35

Башкы прокуратура "Сентябрь" телеканалын сотко берди


Кыргызстандагы оппозициялык маанайдагы "Сентябрь" телеканалынын ыйгарым укуктуу өкүлү бүгүн саат 14:00гө Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна чакыртылды.

Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна телеканалдын өкүлдөрү кабарлашты. Алардын айтымында, сотко Кыргызстандын Башкы прокуратурасы арызданган.

Бул маалыматты Башкы прокуратура тастыктап, "доо арыз экстремисттик маанайдагы материалдарды жайылтканы үчүн" жөнөтүлгөн деген турумун маалымдады.

Кыргызстандын Башмыйзамына ылайык өлкөдө цензурага жол берилбейт. (RK)

XS
SM
MD
LG