Бишкекте Сириядагы исламды жамынган жоочулар менен байланышы бар деген шек менен эки чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди.
- Сириядагы куралдуу конфликтке катыштыруу үчүн рекруттарды жөнөтүү, үгүттө иштерин жүргүзүп, аларга каналдарды ачуу менен алектенгендерди аныктоо иш-чараларынын алкагында 17-августта КМШ өлкөлөрүнүн биринин атуулдары кармалды. Алар эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрү болгон, Кыргызстандын аймагында диверсиялык, террордук актыларды уюштуруу пландарын алып жүрүшкөн.
Сулаймановдун айтымында, террорчу катары шектелип кармалгандардын экөө тең бир өлкөнүн жараны, мекенинде издөөдө жүргөн, алардын бири 51, экинчиси 46 жашта.
Кармалгандар 18-августта өз өлкөсүнүн күч органдарына өткөрүлүп берилди. Бул өлкөнүн дайыны ачыкталган жок.
Кыргызстандын атайын кызматынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Сирияга кеткен кыргыз жарандарынын саны 500дөн ашат. (RK)