Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:35

Көк бөрү: Кыргызстан Өзбекстанды 8:1 менен утуп келатат


Кыргызстан менен Монголиянын көк бөрү боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 21-август. 2017-ж.
Кыргызстан менен Монголиянын көк бөрү боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 21-август. 2017-ж.

Казакстанда өтүп жаткан көк бөрүнүн казакча түрү - көкпар боюнча дүйнө чемпиондугунун 2-турунда Кыргызстан менен Өзбекстандын командалары беттешүүдө. Азыркы мүнөттөргө караганда, 2-таймда эсеп 8:1 болуп, кыргыз көк бөрүчүлөрү алдыда келе жатат.

Буга чейин Кыргызстандын командасы мелдештин 1-турунда Монголия курама командасын 4:0 эсебинде жеңип алган.

Көкпар боюнча алгачкы дүйнө чемпиондугу Казакстандын Астана шаарында өтүп жатат. Оюндар көк пар эрежеси боюнча 20 мүнөттөн эки таймга созулуп, оюнчулар союлган улактын ордуна муляжды (кеп) тартып жатышат. "Улак" тайказанга эмес, диаметри үч метр болгон чийинге салынат.

Чемпионатка 12 команда: Өзбекстан, Кыргызстан, АКШ, Түркия, Тажикстан, Монголия, Азербайжан, Орусия, Венгрия, Кытай, Ооганстан жана Казакстан катышып, эки тайпага бөлүнүп ойноп жатышат. Кыргызстан Монголия, Өзбекстан, АКШ, Түркия жана Тажикстан командалары менен "А" тобуна бөлүнгөн. Финалдык оюндар 28-августта өтөт. (ECh).

XS
SM
MD
LG