Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:24

Кыргызстандык көк бөрүчүлөр Өзбекстанды 11:2 эсебинде утту


Астанадагы чемпиондуктун ачылыш аземи. 21.08.2017
Астанадагы чемпиондуктун ачылыш аземи. 21.08.2017

Казакстанда өтүп жаткан көк бөрүнүн казакча түрү - көкпар боюнча дүйнө чемпиондугунун экинчи турунда Кыргызстан менен Өзбекстандын командалары беттешип, 11:2 эсебинде кыргыз көк бөрүчүлөрү жеңишке жетти. Оюндун биринчи таймында 4:0 эсебинде Кыргызстандын командасы алдыга чыкты, ал эми экинчи таймда жети гол кыргыз тараптын, экөө өзбек тараптын пайдасына жазылды.

Буга чейин Кыргызстандын командасы мелдештин 1-турунда Монголия курама командасын 4:0 эсебинде жеңип алган.

Эртең 23-августта Кыргызстан Түркия менен ойнойт. Беттеш саат 10до башталат.

Көкпар боюнча алгачкы дүйнө чемпиондугу Казакстандын Астана шаарында өтүп жатат. Оюндар көк пар эрежеси боюнча 20 мүнөттөн эки таймга созулуп, оюнчулар союлган улактын ордуна муляжды (кеп) тартып жатышат. "Улак" тайказанга эмес, диаметри үч метр болгон чийинге салынат.

Чемпионатка 12 команда: Өзбекстан, Кыргызстан, АКШ, Түркия, Тажикстан, Монголия, Азербайжан, Орусия, Венгрия, Кытай, Ооганстан жана Казакстан катышып, эки тайпага бөлүнүп ойноп жатышат.

Кыргызстан Монголия, Өзбекстан, АКШ, Түркия жана Тажикстан командалары менен "А" тобуна бөлүнгөн.

Финалдык оюндар 28-августта өтөт. (ECh).

XS
SM
MD
LG