Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:30

Гани АКШнын Ооганстан боюнча жаңы стратегиясын кубаттады


Ооганстандын президенти Ашраф Гани.
Ооганстандын президенти Ашраф Гани.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани Кошмо Штаттардын анын өлкөсү боюнча Дональд Трамп жарыялаган жаңы стратегиясын кубаттарын билдирди. 22-августта тараткан билдирүүсүндө Гани АКШнын президенти Дональд Трампка жана Америка элине колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазылык билдирди.

"Кошмо штаттар менен Ооганстандын өнөктөштүгү учурда буга чейин болуп көрбөгөндөй күчтүү болууда" деп жазылат билдирүүдө;

Виржиния штатындагы Форт-Майер базасында түз эфирде жасаган алгачкы кайрылуусунда Трамп Ооганстандагы аскерий операциялардын башталышы жана аякташы боюнча мөөнөт чектелбей турганын айтты.

Мындан сырткары Трамп Ооганстандан аскерлерди чыгарып кетүү террористтик уюмдарга ошол жылчыкты толтурууга өбөлгө болорун, Ирактагы катачылыкты кайталабоо зарылдыгын белгиледи. Пакистан экстремисттерге “коопсуздук баш калка” сунуштабашы керек деп эскертти.

Трамп "Биз мындан ары аскерлер контингентинин санын жана аскерий аракеттердин планын айтпайбыз” деп кошумчалады.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг да Трамптын "жаңы, шарттарды эске алуу менен түзүлгөн Ооганстан менен аймак боюнча стратегиясын" кубаттады.

2014-жылы НАТО күчтөрүнүн басымдуу бөлүгү чыгарылган соң азыркы 8400дөй америкалык аскер калган.

Мындан сырткары АКШнын атайын күчтөрүнүн Талибанга жана “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшүүгө багытталган 2000дей аскери да бар. Буга кошумча азыр Ооганстанда НАТОнун башка өлкөлөрүнөн 5000дей жоокер турат.

XS
SM
MD
LG