Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:26

Орусия Советтер Союзунан калган акыркы тышкы карыздан кутулду


Советтер Союзу 1991-жылдын декабрь айында ураган.
Советтер Союзу 1991-жылдын декабрь айында ураган.

Орусия Советтер Союзунан калган тышкы карыздын акыркысынан кутулганын өлкөнүн Каржы министрлиги маалымдады.

22-августта министрлик тараткан билдирүүдө Москва Босния жана Герцоговина мамлекетине 125, 2 миллион АКШ долларын толук төлөп бергени жазылат. Бул Советтер Союзу менен мурдагы Югославия мамлекетинин ортосундагы соода келишимдеринен улам калган карыз болчу.

Билдирүүдө "бул мурдагы СССРден калган карыздардын акыркысы болду" деп жазылат.

Орусия менен Босния карызды төлөө боюнча келишимге ушул жылдын март айында Москвада кол коюшкан. Орусия 1991-жылы Советтер Союзу ыдырагандан кийин, андан калган 70 миллиард доллардай тышкы карызды төлөө милдеттенмесин өзүнө алган.

XS
SM
MD
LG