Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:54

Орусияда акцияга чыккан активист саясий туткун деп таанылды


Март айындагы акцияларда Москвада миңдей киши кармалган.
Март айындагы акцияларда Москвада миңдей киши кармалган.

Москвадагы "Мемориал" укук коргоо уюму март айында өткөн өкмөткө каршы акцияларда полицияга кол салды деген айып менен камакка алынган Дмитрий Борисовду саясий туткун катары таанып, аны токтоосуз бошотууга чакырды. Бул тууралуу уюм 21-августта тараткан билдирүүсүндө билдирди.

Москва жана башка бир катар шаарларда март айында өткөрүлгөн коррупцияга каршы митингдер 2011-2012-жылдардан кийинки эң ири демонстрациялар болуп калды. Бул митингдердин көбү бийликтин уруксаты жок өткөрүлгөн. Полиция бир эле Москвада миңдей адамды кармаган. Алардын арасында оппозициячыл саясатчы, акциялардын демилгечиси Алексей Навальный да болгон.

Жети адам, алардын ичинде Дмитрий Борисов полицияга кол салды деген айып менен камакка алынышкан. Алардын төртөө соттолуп, сегиз айдан төрт жылга чейин эркинен ажыратылышкан. Борисов 9-июндан бери камакта. Ал "26-март" иши боюнча "Мемориал" укук коргоо уюму тарабынан саясий туткун катары таанылган бешинчи адам.

XS
SM
MD
LG