Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:33

Пхеньян АКШ менен Түштүк Кореянын машыгуулары үчүн "өч алаарын" билдирди


Жыл сайын өтүүчү аскерий машыгуулар быйыл 21-августта башталган.
Жыл сайын өтүүчү аскерий машыгуулар быйыл 21-августта башталган.

Түндүк Корея АКШ жана Түштүк Кореянын аскердик машыгуулары үчүн "аёосуз өч аларын" эскерткенин "Рейтерс" Пхеньяндын маалымат каражаттарына шилтеме кылып жазды.

Түндүк Кореянын пикиринде, Кошмо Штаттар менен Түштүк Кореянын бул кадамы Корей жарым аралында өзөктүк согуштун тутанышына багытталган.

Жыл сайын өтүүчү аскерий машыгуулар быйыл 21-августта башталган. Ага 70 миңдей аскер катышууда.

Бул жолку машыгуу аймактагы чыңалган кырдаалга туш келди. Түндүк Кореянын ракеталык сыноосуна байланышкан жаңжал Пхеньян өзөктүк дүрмөт чыгарганын жарыялаган соң курчуп кеткен.

АКШ президенти Доналд Трамп Түндүк Кореяга "көөнүнөн кеткис көргүлүктү көрсөтөрүн" эскертсе, Пхеньян Тынч океандагы Америкага караштуу Гуам аралына сокку уруу планын караштырып жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG