Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:11

Казакстанда балдарын эмдетүүдөн баш тарткандар айып пул төлөшү мүмкүн


Казакстанда балдарын эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 65 доллар айып пулга жыгылуусу мүмкүн.

Дин иштери жана жарандык коом министрлиги бул норманы “Дин ишмердүүлүгү жөнүндө” мыйзамга киргизүүнү сунуштап жатат. Министрлик салттуу эмес диний көз караштагы жарандардын эмдөөдөн баш тартуусу – Казакстандагы негизги көйгөйлөрдүн бири болуп баратканын белгилөөдө.

2016-жылы эле 9,5 миң ата-эне балдарын эмдеткен эмес. Алардын жарымы бул кадамдарын диний ынанымдары менен түшүндүргөн. Жаңы мыйзам долбоорунун башка нормаларына ылайык, жашы жете элек балдарды ата-энелеринин уруксатысыз өз ишмердүүлүгүнө тарткан диний бирикмелер 680 доллар айып пулга жыгылат.

Казакстанда диний билим алгандан кийин гана чет өлкөдө бул багыттагы окуусун улантса болот. “Деструктивдүү идеологиялык агымдарга” таандык тышкы атрибуттарды колдонууга, маселен, кийимдерин кийүүгө тыюу салынат. (SE)

XS
SM
MD
LG