Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Бакыт Төрөбаев талапкер болуп катталды


“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев президенттикке талапкер болуп расмий катталды. Талапкер деген күбөлүктү ага Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүн тапшырды.

Төрөбаев 72 200дөн ашуун кол топтоп БШКга тапшырган. Анын 4 миңдейи жараксыз деп табылган. Тил сынагынан 71,8 упай алган.

Буга чейин "Бүтүн Кыргызстан", “Ата Журт”, “Өнүгүү-Прогресс” партияларынын лидерлери Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков жана Бакыт Төрөбаев алдыдагы президенттик шайлоого бирдиктүү саясий күч катары катышууну чечишкен. Муну менен төрт саясатчы шайлоого чейин жаңы партия түзүп, бир талапкерди сүрөмөй болгону айтылган.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясы 27-июндагы курултайында лидери Бакыт Төрөбаевди талапкер катары расмий көрсөткөн.

Буга чейин “Ак-шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев, “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов, КСДПдан Сооронбай Жээнбеков президенттикке талапкер болуп расмий катталган.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG