Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Киевдеги жардыруудан үч киши жабыркады


Белгисиз зат Киевдин борбордук көчөлөрүнүн биринде жарылган. 24.8.2017.
Белгисиз зат Киевдин борбордук көчөлөрүнүн биринде жарылган. 24.8.2017.

Украинанын баш калаасы Киевдин борборундагы көчөлөрдүн биринде болгон жардырууга байланышту тергөөчүлөр "адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси ("бейбаштык") боюнча кылмыш ишин козгошту. Полициянын айтымында, Грушевский көчөсүндөгү министрлер кабинети отурган имараттын жанында болгон окуядан үч киши жаракат алышты.

Жардыруу болгон жерде тергөө тобу иштеп жатат.

Бүгүн Украинада Эгемендик күнү белгиленүүдө. Киевдин борборунда эртең менен АКШнын коргоо министри Жим Мэттис баштаган чет өлкөлүк коноктордун катышуусунда аскердик парад өткөн.

Украина 1991-жылы 24-августта өзүнүн СССРден көз каранды эместигин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG