Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Кыргызстан: Өкмөттүн жаңы курамы дайындалды


Бишкектеги Өкмөт үйү
Бишкектеги Өкмөт үйү

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин 26-августта кол койгон жарлыктарына ылайык Сапар Исаков жетектеген өкмөттүн жаңы курамы дайындалды. Анын негизинде:

Нурханбек Момуналиев - өкмөттүн аппаратын жетектейт;

Эрлан Абдылдаев - тышкы иштер министри;

Улан Исраилов - ички иштер министри;

Уран Ахметов - юстиция министри;

Адылбек Касымалиев - каржы министри;

Артем Новиков - экономика министри;

Нурбек Мурашев - айыл чарба жана мелиорация министри;

Жамшитбек Калилов - транспорт жана жолдор министри;

Кубатбек Боронов - өзгөчө кырдаалдар министри;

Гүлмира Кудайбердиева - билим берүү жана илим министри;

Талантбек Батыралиев - саламаттык сактоо министри;

Түгөлбай Казаков - маданият, маалымат жана туризм министри;

Таалайкүл Исакунова - эмгек жана социалдык өнүгүү министри;

Абдил Cегизбаев - Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы;

Уланбек Рыскулов - өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы;

Нурбек Абасканов - маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы болуп дайындалды.

Президенттин жарлыгы менен Улуттук банктын мурдагы төрагасы Толкунбек Абдыгулов биринчи вице-премьер-министр, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин мурунку төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев вице-премьер-министр, Чолпон Султанбекова социалдык блок боюнча вице-премьер-министр, Темир Жумакадыров коопсуздук боюнча вице-премьер-министр болуп дайындалды.

25-августта Жогорку Кеңеште Сапар Исаков башында турган жаңы өкмөттүн долбоору менен курамы жактырылган.

Буга чейинки премьер-министр Сооронбай Жээнбековду КСДП партиясы президенттик шайлоого талапкер кылып аттандырып, ал БШКдан расмий катталган соң, өкмөттүн мурунку курамы мыйзамга ылайык кызматтан толук кеткен.

Өкмөт башчылыкка жаңы дайындалган Сапар Исаков ушул кезге чейин президенттик аппаратты жетектеп келген. (NT)

XS
SM
MD
LG