Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Жеңиш Разаков Коопсуздук кеңештин катчысы болду


Жеңиш Разаков, артта - Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков. 2017.
Жеңиш Разаков, артта - Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков. 2017.

Президент Алмазбек Атамбаевдин 26-августтагы жарлыгы менен Жеңиш Разаков Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жеңиш Разаков аталган кызматка Темир Жумакадыровдун ордуна келди.

50 жаштагы Разаков буга чейин коопсуздук боюнча вице-премьер-министр, андан мурдараак - Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган.

Президенттин дагы бир жарлыгына ылайык, Жумакадыров бүгүн коопсуздук боюнча вице-премьер-министр болуп дайындалып, жаңы өкмөт башчы Сапар Исаков баштаган өкмөттүн жаңы курамына кирген.

Ал эми мурдагы биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. (NT)

XS
SM
MD
LG