Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:47

АКШ: катуу добулдан 300 миң киши электр жарыгысыз калды


Соңку он жылдан бери АКШ жээктеринде катталган эң катуу "Харви" бороону Техас штатынын аймагында, Мексика булуңунун айланасында болуп жатат. Жергиликтүү бийлик 26-августта добулдан 300 миң киши электр жарыгысыз калганын жана көп сандаган үйлөрдү суу каптаганын билдирди.

Катуу бороон Рокпорт шаарына жакын аймакта катуу кыйроолорду алып келди. Аталган шаардын мэри үйлөр, мекемелер жана мектептер талкаланганын маалымдады. Нөшөр жаан жана катуу добул суу ташкынынан жабыркаган Хьюстон шаарында уланып жатат.

"Харви" бороону АКШнын жээктерине 25-августта жетип, ылдамдыгы саатына 120 чакырымды түзгөн. Ушундай эле "Чарли" деп аталган катуу добулдан 2004-жылы Флорида катуу жабыркаган.

XS
SM
MD
LG