Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

Бокс: Мейвезер Макгрегорду техникалык нокаут менен жеңди


Флойд Мэйвезер.
Флойд Мэйвезер.

Лас-Вегаста бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону Флойд Мейвезер (АКШ) менен UFC чемпиону Конор Макгрегордун бокс эрежеси боюнча таймашы өттү.

10-раундда Мейвезер бир нече таамай соккуларды узаткандан кийин рефери беттешти токтотууну чечти.

Жыйынтыгында техникалык нокаут менен жеңиш Мейвезерге ыйгарылды. Жеңишке жеткени үчүн Мейвезер баалуу таштар менен шөкөттөлгөн чемпиондук кур алды. Ошондой 100 миллион долларга чейин акчалай сыйлык алат.

Макгрегор атаандашына жеңилсе дагы акчалай сыйлыктан куру калбайт. Буга чейин ал ала турган акчалай сыйлыктын көлөмү 70 миллион доллардын тегерегинде болоору айтылган эле.

Флойд Мейвезер беш салмак категориясында чемпион болгон. Буга чейин 49 беттеш өткөрүп, бардыгында жеңишке жеткен. Акыркы көрсөткүч менен боксчу Роки Марчианонун жетишкендигинен ашып рекорд жаңыртты. Марчионо 49 жолу беттеш өткөрүп, бир да жолу утулбай бокстагы карьерасын жыйынтыктаган эле.

Конор Макгрегор профессионалдык бокстун рингинде алгачкы жолу таймашты. Ал буга чейин таймаштын аралаш түрлөрүнөн 24 жолу беттешке чыгып, 21 жолу жеңишти камсыздаган. Ал UFC боюнча жарым жеңил салмакта мурдагы чемпион, жеңил салмакта учурдагы чемпион. (ECh)

XS
SM
MD
LG