Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Молдова эгемендиктин 26 жылдыгын майрамдап жатат


27-августта Молдова республикасы Советтер Союзунан эгемендик алганынын 26-жылдыгын белгиледи.
27-августта Молдова республикасы Советтер Союзунан эгемендик алганынын 26-жылдыгын белгиледи.

27-августта Молдова Республикасы Советтер Союзунан эгемендик алганынын 26-жылдыгын белгиледи. Жекшембиде баш калаа Кишиневдо майрамдык салтанаттар өтүп, өлкөнүн расмий адамдары сөз сүйлөштү.

Ошол эле маалда өлкөдөгү "Пенсионерлер союзу" жүрүш өткөрүп, ага жүздөгөн адамдар кошулушту. Катышуучулар "Социалдык геноцидди токтоткула", "Молдованын пенсионерлеринин акчасын өкмөт уурдап алды" деген сыяктуу жазуулары бар кагаздарды көтөрүшүп, коррупциянын гүлдөшүнө жана пенсиянын аздыгына нааразылык билдиришти.

Ал эми өлкөнүн Орусияга ыктаган президенти бул күнү Москва менен тыгыз кызматташууга салым кошкон айрым адамдарга сыйлык ыйгарды. Президенттин орусиячыл көз карашын өкмөт колдобойт.

Жакында эле Улуттар Уюмундагы Молдованын өкүлү Виктор Морару
орусиялык аскерлерди жикчил Днестр бою аймагынан (Приднестровьеден) чыгарууну БУУнун Башкы Ассамблеясынын алдындагы жыйынынын күн тартибине киргизүүнү өтүнгөн. Орусия мындай сунушту четке какты.

Азыр Днестр бою аймагында Орусиянын 1400 жоокери "тынчтыкты коргоочулар" деген макам менен жүрүшөт. "Днестр бою жумурияты" 1992-жылкы Кишинёв менен болгон кыска мөөнөттүк согуштан кийин өзүн Молдовадан күнкорсуз деп жарыялаган. Аймактагы 600 миңге чамалуу элдин көпчүлүгү орус тилдүүлөр.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG