Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:24

Анкарада көчөдө калган аял кыргызстандык экени аныкталды


Түркиянын Анкара шаарында тентип жүргөн аял кыргызстандык экени аныкталды. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айымкан Кулукеева "Азаттык" радиосуна билдиргендей, ал Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жийде айылынын 30 жаштагы тургуну болуп чыкты:

- Түркиядагы элчилигибиз ал кыздын өздүгүн тактап беришти. Маалыматка караганда, ал жараныбызды жергиликтүү полиция кармап кеткен. Элчиликтин жардамы менен бошотулуп, Анкарадагы мамлекеттик ооруканалардын бирине жаткырылды.

Ал бейтапканадан чыккандан соң мекенине жөнөтүү аракети көрүлөт.

Көчөдө тентип жүргөн аял кыргызстандык экени тууралуу божомол айтылып, анын сүрөт жана видеолору 28-августта интернетке чыккан. Ал аты-жөнүн да айталбай жатканы маалымдалган эле.

Расмий маалымат боюнча, Түркияда окуп-иштеп жүргөн 14 миңдей кыргызстандык бар. (SE)

XS
SM
MD
LG