Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:09

ТИМ: Хьюстондо жабыркагандар арасында кыргыз жарандары жок


Техас, 27-август
Техас, 27-август

АКШда Техас штатынын Хьюстон шаарындагы суу каптоодон жабыркагандар арасында кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

АКШ жана Канададагы элчилик көзөмөлүн улантууда жана Техас штатында жашаган кыргызстандыктарды жергиликтүү бийликтин айткандарын так аткарууга чакырууда.

Зарыл учурда төмөнкү номурлар аркылуу жардамга кайрылса болот:

Police, firefighters or ambulance: 911 or (713) 884-3131

City of Houston (Emergencies) 311 or (713) 837-0311

FEMA (Federal Emergency Management Agency) 1 (800) 525-0321

Harris County (713) 755-5000

Houston American Red Cross (713) 526-8300, (866) 526-8300

Flood Control (713) 684-4000

Houston TranStar (Transportation and Emergency Services) (713) 881-3244

Элчиликтин +1 (202) 256-2924 номуру күнү-түнү иштейт.

Хьюстондо коменданттык саат киргизилди.

"Харви" бороону нөшөрлөгөн жаан менен коштолуп, өлкөнүн төртүнчү ири шаарын суу каптады. Бери дегенде 14 киши каза болгону кабарланууда. Бир топ турак жайлар жашоого жараксыз болуп калды. Миңдеген киши эвакуацияланды. Шаар бийлиги үйсүз калган 19 миң кишиге убактылуу жайлар даярдалганын билдирди. Ал эми АКШнын Кызыл чырым уюмунун борборлорунда 17 миңдей киши баш калкалап турат.

Буга чейин жергиликтүү суу сактагычта суунун деңгээли кооптуу чекке чейин көтөрүлгөн. Бийликтер суу Аддикс дамбасынан ташый баштаганын эскертишти.

Кечээ жаратылыш кырсыгы болгон жерге президент Дональд Трамп жубайы менен барды.

XS
SM
MD
LG