Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, 30-августта 54 байкоочу каттоодон өтүштү. Алар КМШнын, ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунун эл аралык байкоочулары.
Буга чейин алдыдагы президенттик шайлоого көз салуу максатында Кыргызстандын Боршайкомуна кайрылган жети эл аралык байкоочу катталган.
Учурда 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоого катыша турган 24 киши калды. Алардын алтоо талапкер болуп расмий катталып, күбөлүк алган. Калган 18 кишинин документтери каралууда. Акыркы тизме 9-сентябрда анык болот. (NT)