Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:50

Кыргызстандагы уу калдыктар маселеси БУУ жыйынында талкууланат


Майлуу-Суу. Сүрөт 2017-жылдын май айында тартылган.

Борбор Азия аймагындагы зыян калдыктар маселеси ушул айда Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун алкагындагы жыйында талкууланат. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, донорлорду тартуу менен маселе акырындап чечилип жатат:

- Европа өнүктүрүү банкы менен Еврокомиссиянын ортосунда Борбор Азиядагы уран калдыктарынын кесепеттерин жоюу, зыянсыздандыруу боюнча атайын эсеп ачылган. Азыр жалпы 16 миллион евро чогулду. Биз Сумсар жана Шакафтар, Миң-Куш, Майлуу-Суудагы калдык сактоочу жердерди коопсуздандыруу багытында үч долбоор өткөргөнбүз. Анын үчөө тең өттү. Чогулган акча Өзбекстан жана Тажикстанга да тиешелүү. Биз үч, Өзбекстан эки, Тажикстан эки долбоор даярдап, сунуштап жатабыз. Жалпысынан жети долбоорго 85 миллион евро керектелет. Сентябрдын 20ларында Нью-Йоркто БУУнун сессиясынын алкагында бул маселе талкууланат.

Министрдин белгилешинче, МАГАТЭ уюму өз сунушун айткан соң ал акча келе баштайт.

2004-2012-жылга чейин Европа өнүктүрүү банкынын алкагында долбоор иштеп, Майлуу-Суудагы бир нече калдыктар жайгашкан жерди башка жактарга көчүрүү иштери жүргөн.

“Кылым шамы” укук коргоо кыймылы жакында Майлуу-Суу шаарындагы уран калдыктарына байланыштуу экологиялык көйгөйлөр боюнча иликтөөсүн жарыялады.

Аталган уюм бул маселе көп жылдан бери көтөрүлүп келе жатканына карабай "чечиле элек, жергиликтүү элге коркунуч дале күч" деген тыянакка келген. Иликтөөнүн жыйынтыгын жакын арада парламентке жолдоп, Майлуу-Сууга өзгөчө макам берүүнү сунуштамакчы. (NT)

XS
SM
MD
LG