Орусиялык хакерлер Германиядагы парламенттик шайлоого кийлигишүүсү мүмкүн.
Spiegel Online басылмасына интервьюда Германиянын маалымат коопсуздугу боюнча федералдык башкармалыгынын жетекчиси Арне Шөнбом аларда шайлоо Америкага караганда жакшыраак корголгонун айтты.
Бирок хакерлер шайлоо жыйынтыгы катталып турган компьютер системаларына чабуул коюшу же ар кандай имиштерди таратуу менен жыйынтыкка ишенбөөчүлүктү пайда кылышы мүмкүн деди жетекчи.
Анын үстүнө 2015-жылы Бундестагдын серверинен депутаттардын маалыматтары жана кат алышуулары уурдалган. Парламенттик шайлоо 24-сентябрда өтмөкчү. Акыркы сурамжылоолорго караганда канцлер Ангела Меркел жетектеген блок шайлоочулардын 40% жакынынын добуштарын алышы ыктымал.