Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:22

Парламент комитеттери кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишим долбоорун жактырды


Абдывахап Нурбаев
Абдывахап Нурбаев

Жогорку Кеңештин үч комитети Кыргызстан менен Өзбекстандын чек аралары тууралуу келишимдин долбоорун жабык талкуулап, жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Абдывахап Нурбаев “Азаттыкка” билдирди:

- Өкмөт кыргыз-өзбек чек ара меселеси боюнча 17 жылдан бери иштеп, жалпы чек аранын 85 пайызы чечилип калыптыр. Жыйынга айыл өкмөт жетекчилер, акимдер, облустагы өкмөт өкүлдөрү дагы катышты. Бизге чек аранын такталганы боюнча пикир келишпестиктер жок деген маалыматтар берилди, натыйжада депутаттар мыйзамды колдоп бердик

Абдывахап Нурбаевдин айтымында, комитеттердин биргелешкен жыйыны жактырган документ эки өлкө президенттеринин кол коюусуна жөнөтүлүп, андан соң парламенттин ратификациясына сунушталат.

Биргелешип жыйын курган комитеттердин катарында Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттер бар.

Ушул эле күнү Президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүм башчысы Айзада Субакожоева Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Бишкекте 5-6-сентябрда болорун, сапар алкагында эки өлкө ортосундагы чек ара боюнча келишимге кол коюларын билдирди.

Кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу 1378 чакырым. Анын ичинен 320 чакырымы тактала элек, башкача айтканда, талаштуу 58 аймак бар. (SDz)

XS
SM
MD
LG