Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:59

Шавкат Мирзиёевдин Бишкекке мамлекеттик сапары башталууда


Президент Шавкат Мирзиёев. 22.7.2017.

Бүгүн (5-сентябрда) Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Өзбек мамлекет башчысынын 5-6-сентябрга пландалган Кыргызстан сапар учурунда эки тараптуу чек ара боюнча өткөөл келишим түзүлөөрү алдын-ала расмий кабарланган. Андан тышкары эки тараптуу кызматташуу, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу ж.б. боюнча бир катар документтерге кол коюлмакчы.

16-августта Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга келип, кыргыз-өзбек чек арасынын такталган 1170 чакырым бөлүгүн бекитүү боюнча өткөөл келишимге кол коюу чечими кабыл алынган.

Президенттер А.Атамбаев менен Ш.Мирзиёев ШКУнун отурумунда. 2017.
Президенттер А.Атамбаев менен Ш.Мирзиёев ШКУнун отурумунда. 2017.

Эки мамлекет ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. Анын 320 чакырымы тактала элек, башкача айтканда, талаштуу 58 аймак бар.

Бишкек менен Ташкенттин ортосундагы бир канча жылдай сууп турган мамиле Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин, 2016-жылдын соңунан тарта жакшы нукка түшө баштаган.

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG