Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Эки өлкө Түндүк Корея кризисин сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырышты


Коопсуздук кеңешиндеги АКШнын туруктуу өкүлү Никки Хейли, Орусиянын өкүлү Василий Небензя жана Кытайдын өкүлү Лю Цзеи.
Коопсуздук кеңешиндеги АКШнын туруктуу өкүлү Никки Хейли, Орусиянын өкүлү Василий Небензя жана Кытайдын өкүлү Лю Цзеи.

Орусия менен Кытай Түндүк Корея кризисин дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырышты. Ошол эле маалда АКШ жана анын союздаштары Пхеньянга каршы санкцияларды катаалдатууну, Түндүк Корея өткөн дем алыш күндөрү өткөргөн кезектеги сыноолоруна аскерий жооп кайтарууну караштырып жатышат.

"Бул аймактагы тынчтык олуттуу сыноого кабылып жатат деп айта алабыз. Ал эми тирешүү дагы курчуп кетүү ыктымалдыгы абдан жогору",-деди Орусиянын БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги туруктуу өкүлү Василий Небензя.

Ал ошондой эле Пхеньян өзү суутек бомбасы деп атап, жер алдында өткөргөн сыноосу Улуттар Уюмунун резолюциясына каршы келерин айтып, бул "кескин айыптоого татыктуу" деди. Небензя ошону менен катар санкциялар буга чейин деле көйгөйдү чечүүгө жардам бербегенин айтып, андан көрө маселени сүйлөшүү жолу менен чечиш керек деген пикирин билдирди.

Кытайдын Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешиндеги өкүлү Лю Цзеи да кризисти дипломатиялык жол менен чечүүгө үндөдү.

Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат каражаттары 3-сентябрда Пхеньян суутек бомбасын ийгиликтүү сынаганын жана алтынчы ядролук сыноо “ийгиликтүү өткөнүн” жазышкан.​

Пхеньян 2006-жылдан бери ядролук сыноолорду жүргүзүү менен БУУнун резолюцияларын бузуп келатат.

XS
SM
MD
LG