Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:09

Атамбаев: Өлкөбүз өзүнүн өнүгүү жолун тапты


Президент Алмазбек Атамбаев Нарын облусунун тургундары менен жолукту
Президент Алмазбек Атамбаев Нарын облусунун тургундары менен жолукту

Кыргызстан өзүнүн өнүгүү жолун тапты, эми алдыга ишенимдүү кадам шилтейт. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Нарында облус активи жана коомчулугу менен жолугууда айтты.

Салттуу “суроо-жооп” форматында өткөрүлгөн жолугушуунун жүрүшүндө облустагы түрдүү тармакта ишке ашырылып жаткан долбоорлор, социалдык-экономикалык маселелер жана пландар талкууланды.

Ошондой эле бүгүн президент Нарын шаарында Мамлекеттик чек ара кызматында иштегендер үчүн салынып жаткан кабат үйдүн курулушунун жүрүшү менен таанышып, жергиликтүү тургундар үчүн көп батирлүү турак үй курулчу жерге капсула салуу аземине катышты.

Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык президенттик мөөнөтү быйыл 1-декабрда аяктайт. 15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG