Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Мексикадагы зилзалада өлгөндөрдүн саны 15ке жетти


Жер силкинип жаткан маалда көчөгө чыккан мексикалыктар.
Жер силкинип жаткан маалда көчөгө чыккан мексикалыктар.

Мексиканын Тынч океан жээгинде жайгашкан аймагында 7-сентябрда болгон жер титирөөдөн курман болгондордун саны 15ке жетти.

Күчү 8,2 баллга жеткен зилзаладан Мексиканын түштүк тарабы жана коңшу Гватемаланын батыш бөлүгү жабыркады. Өлкө президенти Энрико Пенья Ньето бул жер титирөө соңку 100 жылда катталган эң катуу зилзала болуп калганын белгиледи.

АКШнын Геология кызматынын маалыматына караганда, зилзаланын очогу Пихихьяпан шаарынан түштүк-чыгышты карай 100 чакырым алыстыкта, Тынч океанында жайгашкан.

Сейсмологдор жер силкинүүдөн улам океанда суу толкундары көтөрүлүп, Латын Америка мамлекеттеринин жээкте жайгашкан аймактарын капташы мүмкүндүгүн эскертишти.

Ушул тапта аталган өлкөгө Мексика булуңунда пайда болгон Катя бороону да коркунуч жаратууда. Синоптиктер бороон Мексиканын жээгине жума кечинде жетип калаарын боолголоп жатышат.

XS
SM
MD
LG