Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:08

Мьянмадагы соңку кырдаал Астанада талкууланат


Мьянмадагы рохинжа мусулмандарына байланышкан соңку кырдаал Ислам кызматташтык уюмунун Астанада өтө турган жыйынында талкууланат. Бул тууралуу Казакстан менен Түркиянын тышкы иштер министрлери Кайрат Абдрахманов менен Мевлют Чавушоглу жолуккан учурда белгилүү болду.

“Биз Мьянмадагы мусулмандарга байланыштуу маселеге көңүл бурдук. Мевлют Чавушоглу Мьянмадан качкан качкындар менен жолугуп келип өзүнүн таасирлери менен бөлүштү. Түркия тарап Астанада өтө турган Ислам кызматташтык уюмунунун саммитинде ушул маселени талкуулоого нитеттенип жатат”, - деп билдирди казак дипломаты журналисттерге.

Мындан сырткары жолугушууда эки өлкөнүн кызматташтыгы тууралуу маселелер да талкуулады.

Астанада Ислам кызматташтыгы уюмунун саммити 10-11-сентябрь күндөрү өтөт. Бул жолу жыйын “Илим, технология, инновация жана Ислам дүйнөсүндөгү модернизация” деген ураандын алдында уюштурулуп жатат. Бүгүн, 9-сентябрда уюмга мүчө болгон өлкөлөрдүн тиешелүү министрлеринин жыйыны өтөт.

Мьянмадагы рохинжа мусулмандарына каршы зордук-зомбулук дүйнө коомчулугунун көңүл чордонунда кала берүүдө. Мусулман өлкөлөрү жаңжал боюнча БУУнун аракет көрүүсүн талап кылышарын айтышса, Мьянма бийлиги жаңжалды рохинжа мусулмандары башташканын билдирүүдө.

Маалыматтарга караганда, 25-августта рохинжа козголоңчуларынын тобу Ракхайн аймагындагы полиция бөлүмүнө кол салгандан кийин тутанган кагылышуулардан кеминде 400 киши набыт болду.

Мьянма бийликтери рохинжа мусулмандары үйлөрдү өрттөп, карапайым адамдарды өлтүрүшкөн деп айыпташса, укук коргоочулар жана рохинжа өкүлдөрү армия аларды сүрүп чыгуу үчүн өзү өрт коюп, бейкүнөө тургундарды өлтүрүшкөнүн билдиришүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG