Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Маңзат менен кармалган адамдан ИИМдин күбөлүгү табылды


Ысык-Көл районунда маңзат ташууга шектелген топ кармалды, алардын биринен Ички иштер министрлигинин күбөлүгү табылды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна райондун прокурору Айнура Иманалиева билдирди.

Анын айтымында, 10-сентябрда саат 04:00 чамасында Ысык-Көл районуна караштуу Булан-Сѳгѳттү айылында жайгашкан «Партнер-Нефть» май куюу бекетинен Бишкек шаарынын 25 жаштагы тургуну кармалган. Анын сумкасынан 50 даана ширеңке кутучасына салынган, жалпы салмагы 850 грамм түзгѳн маңзат табылган.

Кармалган жарандын чөнтөгүнөн ИИМдин Адистештирилген күзөт башкы башкармалыгынын кызматкеринин күбѳлүгү табылган.

Факт боюнча кылмыш иш козголду, шектүүлөр Ысык-Көл райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды. (AsM)

XS
SM
MD
LG