Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:48

БУУ Пхеньянга каршы жаңы санкцияларды кабыл алды


Кошмо Штаттардын БУУдагы элчиси Никки Хейли.
Кошмо Штаттардын БУУдагы элчиси Никки Хейли.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши 11-сентябрда Түндүк Кореяга каршы санкцияларды катаалдатуу чечимин кабыл алды. Буга Пхеньяндын жыл ичинде алты жолу удаасы менен жүргүзгөн өзөктүк сыноолору түрткү болду.

Ушуну менен 2006-жылдан бери Түндүк Кореяга каршы Коопсуздук Кеңеш тарабынан киргизилген тогузунчу резолюция кабыл алынды. Бул ирет резолюция долбоорун Вашингтон демилгеледи. Ага ылайык, Түндүк Кореянын четке текстиль экспорттоосуна толук бөгөт коюп, тыштан мунай импорттоосуна чектөө киргизилет.

Кошмо Штаттардын БУУдагы элчиси Никки Хейлинин айтымында, жаңы чаралардын натыйжасында Пхеньян жыл сайын 800 миллион доллардан кем эмес пайдадан кол жууйт.

Орусия менен Кытайдын колдоосуна ээ болуу максатында АКШ резолюциянын мындан да катаал вариантынан баш тартты.

Пхеньянга каршы жаңы санкциялардын айлампасын киргизүү сунушу Түндүк Корея өткөн дем алыш күндөрү жүргүзгөн өзөктүк сыноосунан кийин карала баштаган. Пхеньян 3-сентябрда 11 жыл ичиндеги алтынчы өзөктүк куралын - узак аралыкка ылайыкташкан суутек бомбасын сынаганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG