Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:41

Баку: Маалымат агенттигинин башчысы үй камагына чыкты


"Туран" агенттигинин башчысы Мехман Алиев, 11-сентябрь.
"Туран" агенттигинин башчысы Мехман Алиев, 11-сентябрь.

Азербайжандагы көз карандысыз "Туран" маалымат агенттигинин жетекчиси Мехман Алиев сот процессине чейин үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу 11-сентябрда Алиевдин адвокаты Фуад Агаев "Азаттык" радиосунун азери кызматына билдирди.

Мехман Алиев өзү "Рейтерс" агенттигине буларды айткан:

- Мен камактан чыктым, бул чечимди жакшы жышаан катары бааладым. Албетте кубанычтамын.

Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлү Харлем Дезир Алиевдин үй камагына чыгарылышын кубаттап, Азербайжан бийликтерин ага коюлган бардык айыптарды алып салууга чакырды. 11-сентябрда жасаган билдирүүсүндө Дезир ЕККУ бул ишке кылдат көз салуусун улантып жатканын айтты.

Мехман Алиев Бакуда салык төлөөдөн качкан деп айыпталып 25-августта камакка алынган. Алиев “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна эч кандай салык мыйзамдарын бузбаганын билдирген.

Буга чейин Азербайжан бийлиги "Туран" маалымат агенттигинин банк эсептерин камакка алып, кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, айрым документтерди конфискациялаганы кабарланган.

"Чек арасыз кабарчылар" уюму жарыялаган басма сөз эркиндиги жаатындагы көрсөткүчкө ылайык, Азербайжан 180 өлкөнүн ичинен 162-орунду ээлейт.

XS
SM
MD
LG