Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:41

Өзбек өкмөтү рохинжа мусулмандарына гумжардам жиберет


Өзбек өкмөтү Мьянмадагы зомбулуктан жабыркап, Бангладешке качууга мажбур болгон рохинжа мусулмандарына гуманитардык жардам жиберет. Бул тууралуу 12-сентябрда өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Бирок канча көлөмдө кандай жардам экени көрсөтүлгөн эмес.

Расмий маалыматта айтылгандай, Ташкент рохинжа мусулмандарына карата зордук-зомбулукка тынчсыздануусун билдирет жана аны токтотуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө чакырат.

Өз кабатырлануусун 4-сентябрда кыргыз өкмөтү да билдирген.

БУУ маалыматына караганда, 270 миң рохинжа мусулмандары Бангладешке качып өтүүгө мажбур болду. Алардын 60% балдар.

Калкынын басымдуу бөлүгүн буддисттер түзгөн Мьянманын Ракхайн штатындагы кыянатчылыктардан улам ал жерде жашаган рохинжа мусулмандарынын Бангладешке качуусу 25-августта башталган.

Мьянманын өкмөтү кыянатчылыктын тутанышы үчүн рохинжа мусулмандарынан чыккан козголоңчуларды күнөөлөп, алар полиция бекеттери менен аскерий базага чабуул жасаганын жүйө келтирген.

XS
SM
MD
LG