Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Орусияда кыргызстандык мигранттар жарым жылда 1,5 миңдей кылмыш жасашты


Кыргызстандын Миграция кызматынын маалыматы боюнча, быйылкы алты айда Орусияда кыргызстандык мигранттар жасаган 1 419 кылмыш катталган. Анын ичинен 246сы оор түрүнө кирет. 374ү уурулук, 55и маңзат сатуу боюнча, ал эми 11 кылмыш иши террордук мүнөзгө ээ.

Ал эми жалпысынан быйылкы жети айда 105 195 административдик мыйзам бузуу катталган.

Орусиядагы Жогорку экономика мектеби жүргүзгөн иликтөөдө борборазиялык мигранттардын ичинен Орусияда кыргызстандыктардын саны соңку бир жылда 545 миңден 622 миңге көбөйгөнү айтылат. Бул өлкөдө мыйзамдуу иштеген кыргызстандык мигрант айына орточо эсеп менен 29 миң рубль, мыйзамсыз иштеп жүргөндөрү 27 миң рубль айлык алышат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG