Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:31

Москвада бомба коркунучунан улам миңдеген адам эвакуацияланды


Милиция кызматкерлери Москванын борборунда. 13-сентябрь, 2017-жыл.
Милиция кызматкерлери Москванын борборунда. 13-сентябрь, 2017-жыл.

Орусия башкалаасындагы күч түзүмдөрдүн өкүлдөрү билдиргендей, миңдеген адам ири соода борборлордон, темир жол станцияларынан, университеттерден, башка имараттардан бомба коркунучу боюнча 100дөй анонимдүү телефон чалууларга байланыштуу эвакуацияланды.

Мындан бир күн мурда мектептерден, соода борборлордон, театрлардан, университеттерден массалык эвакуация Абакан, Томск, Саратов, Благовещенск, Хабаровск, Петропавловск-Камчатски, Рязань, Самара, Нижный Новгород, Архангельск шаарларында да жүргүзүлгөн.

Ага чейин Омск шаардык мэриясынын имаратында 10-сентябрда болгон.

Белгисиз адамдардын телефон чалууларынан кийинки текшерүүлөр учурунда адамдар эвакуацияланган имараттардан эч бир бомба табылган эмес.

Милиция өкүлдөрү телефон чалуулар интернет аркылуу жасалгандыктан алардын дарегин табуу кыйын болорун айтышууда. (UE)

XS
SM
MD
LG