Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Балдар адабияты боюнча сынак жыйынтыкталды


Өкмөт уюштурган кыргыз тилиндеги балдар адабияты боюнча сынактын жыйынтыгы чыкканын калыстар тобунун төрагасы, балдар жазуучусу Сулайман Рысбаев “Азаттык” үналгысына билдирди. Анын айтымында, сынак үч номинация боюнча жарыяланган.

Калыстардын чечими менен "Балдар үчүн чыгарылган мыкты поэзия чыгармасы" номинациясына элеттик акын Амангелди Мисиров “Кыялбектин жоруктары” жыйнагы үчүн ээ болду. Ал эми "Балдар үчүн чыгарылган мыкты проза" номинациясы боюнча “Куйручук баланын жоруктары” жыйнагы менен жазуучу Эркалы Өскөналы, "Балдар үчүн адабий чыгармаларды кыргыз тилине мыкты которуу" номинациясына Америка жана Австралия элдеринин жомокторунан турган “Күмүш жомоктор” жыйнагы үчүн акын, жазуучу жана котормочу Ысмайыл Кадыров татыды.

Сынак 2017-жылдын башында жарыяланган. Жалпы байге фонду жүз элүү миң сом.(ZA)

XS
SM
MD
LG