Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

Таласта талапкер Сооронбай Жээнбековдун баннери өрттөлдү


Жээнбековдун айрылган баннери.
Жээнбековдун айрылган баннери.

Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна талапкердин Талас шаарындагы штаб жетекчиси Мирлан Эсенкулов билдирди. Маалым болгондой, Таластын Манас районундагы көчө боюна илинген бир баннерди өрттөп, дагы экөөнү айрып кетишкен.

Бул көрүнүш бүгүн эртең мененки саат тогузда белгилүү болгон. Эсенкулов буга Жээнбековдун шайлоодогу атаандаштарынан шектенип, бирок аттарын атаган жок.

Талапкердин штабы бул окуя боюнча тиешелүү органдарга кабар берилгенин билдирүүдө.

Апта башында Башкы прокуратура президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Кочкордогу үгүт баннерлеринин сыйрылышы боюнча иликтөө жүргүзгөн.

14-сентябрь күнү "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын талапкери Бакыт Төрөбаевдин Сузактын Кара-Дарыя айылында баннерлери сыйрылышы боюна айыл өкмөт башчысы райондук прокуратурага сурак берип чыккан. (AlS/ZKo)

XS
SM
MD
LG