Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

“Пирамида” телеканалын парламенттик кылып түзүү маселеси каралат


Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети “Медиа Холдинг Пирамида" жоопкерчилиги чектелген компаниясын парламенттик телеканал кылып кайра түзүү маселесин карайт. Парламенттин басма-сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулунун “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, эгер бул сунуш колдоо тапса, телеканал толугу менен Жогорку Кеңештин карамагына өтөт.

- Пирамиданын негизинде парламент телеканалын түзүү боюнча аракет көрүп жатабыз. Эгер депутаттар макулдугун берсе, канал Жокгорку Кеңештин кармагына өтөт. Парламент аркылуу каржыланат жана көзөмөлдөнөт. Жалпы жыйындан сырткары фракция, комитет жыйындарын, коомдук талкууларды дагы түз алып көрсөткөнгө аракет кылабыз.

2010-жылы апрель революциясынан кийин "5-канал" жана “Пирамида” телеканалдары Убактылуу өкмөттүн декрети менен улутташтырылып, мамлекеттин колуна өткөн.

“Пирамида” 1991-жылы Кыргызстанда түзүлгөн алгачкы көз карандысыз телеканал болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG