Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:38

Шайлоо-2017: Эң көп каражат Бабановдун фондунда, эң азы Ташиевде


Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлердин шайлоо фондундагы акча каражатынын жүгүртүлүшү боюнча маалымат таратты.

Анда айтылгандай, эң көп каражат Өмүрбек Бабановдун эсебинде. Ага жалпысынан 138 миллион сом чогулуп, ар кандай шайлоо иш-чараларына байланыштуу корогондон кийин бүгүнкү күнгө карата калганы 14 миллионду түзүүдө.

Ал эми эң азы Камчыбек Ташиевде. Анын эсебине 1 миллион 100 миң сом акча түшкөн, азыр 875 сому турат.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт, талапкерлер 13 адам. Үгүт иштери 10-сентябрда башталды. (RK)

XS
SM
MD
LG